Палестинага карата колдоо митингдери уланууда

Норвегиянын борбор шаары Ослодо чогулган топ Израилдин Газа кыргынына каршылык көрсөттү.

2080917
Палестинага карата колдоо митингдери уланууда
abd'de filistin'e destek.jpg
abd'de filistin'e destek.jpg
abd'de filistin'e destek.jpg

Дүйнөнүн төрт тарабында Израилдин зомбулугундагы Палестинага колдоо митингдери улантылууда.

Норвегиянын борбор шаары Ослодо чогулган топ Израилдин Газа кыргынына каршылык көрсөттү.

Кар үстүндө тизелеп отурган митингчилер  Палестинанын желегин көтөрүп Газага колдоо көрсөтүштү.

Австралиянын Мельбурн шаарында өткөрүлгөн салтуу рождество иш  - чарасында  2 киши палестина желеги менен сахнага чыкты.

Митингчилер «Газада балдар өлүп жатат» деген ураан менен жүрүштү. Коопсуздук кызматкерлери митингчилерге кийлигишти.

Палестинага колдоо көрсөткөнү үчүн 2 ай матчтан четтетилген Шотландиянын Селтик футбол командасынын күйөрмандары  трибунага кайтып келишти.

Селтиктин күйөрмандары "20 миң адам өлтүрүлдү, анын 8 миңи балдар!" деп жазылган баннер менен Палестинанын желегин көтөрүштү.

Америка Кошмо Штаттарынын   Нью  - Джерси штатында Палестина үчүн чогулушту.

Нью - Йоркто да миңдеген адамдар Палестинаны колдоо үчүн чогулушту.

Митингде Израилдин зомбулугуна нааразылык билдирилип, ок атышууну дароо токтотууга чакыруу салынды.

Израилдин кол салууларына шартсыз колдоо көрсөткөнү үчүн АКШ администрациясы кыйроодо.

АКШ башкаруусу Израилдин кол салууларына шартсыз колдоосунан улам бутага алынууда.

Палестина колдоочулары Вашингтон башкаруусунун маанилүү ысымдарынан коргоо министри Ллойд Остин менен АКШнын улуттук коопсуздук кеңешчиси Жейк Салливандын үйүнүн алдына чогулуп, Газа саясатынан улам АКШга нааразычылык билдиришти.

Марокконун борбору Рабатта миңдеген киши Газаны колдоо үчүн жүрүшкө чыкты.

Америка жана Европа кинематографиясында Израилдин Газадагы кол салууларына каршы экендерин билдирген актёр жана актрисалардын кысымы күн тартибинде орун алууну уланууда.

Газа тууралуу  билдирүүсүнөн улам иши колунан алынган Мелисса Баррера менен күн тартибине келген «Кыйкырык – 7» атту тасманын режиссеру Кристофер Ландон ишин таштаганын жарыялады.

 

 



Тектеш кабарлар