Индонезиядагы жарылууда 18 киши каза болду

Жетекчилер каза болгон 18 жумушчунун 8инин кытайлык экенин, жарадар болгон 44 жумушчунун дарыланып жатканын билдирди.

2080934
Индонезиядагы жарылууда  18 киши каза болду

Индонезиянын Сулавеси аралындагы никель ишканасынын эритүүчү мешинен чыккан жарылууда каза болгон жумушчулардын саны 18ге жетти.

Полиция кызматкерлери окуя боюнча тергөө аяктаганга чейин ишкананын ишинин токтотулганын кабарлашты.

Жетекчилер каза болгон 18 жумушчунун 8инин кытайлык экенин, жарадар болгон 44 жумушчунун дарыланып жатканын билдирди.

Сулавеси полициясынын башчысы Агус Нугрохо адамдардын өлүмүнө мекеменин ээси PT IMIP компаниясынын шалаакылыгы себеп болуп же болбогонун аныктоо үчүн топтун түзүлгөнүн билдирди.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нин кечээки маалымат жыйынында каза болгондор үчүн көңүл айтып, Индонезиянын жетекчилери менен тыгыз кызматташууда экендерин айтты.

24 -  декабрда  ишкананын эритүү мешинде чыккан жарылууда алгачкы белгилөөлөргө караганда  13 жумушчу каза болуп, айрымдары оор болгон  38 жумушчунун жараланып ооруканага жаткырылган.

Окуяга байланыштуу иликтөөдө алгачкы белгилөөлөргө караганда, эритүүчү мештин астында жарылуучу суюктуктардын табылганы жана суюктуктун агышы менен кычкылтек бактарында жарылууга себеп болгону белгиленди.

 



Тектеш кабарлар