Япониянын жүк ташуучу компаниялары маршруттарын өзгөртүп жатышат

Йемендеги хуситтердин кол салуулары Жер Ортолук деңизди Кызыл деңиз менен байланыштырган жана дүйнөлүк сооданын 12 пайызы өткөн Суэц каналы аркылуу өтүүнү коркунучка алып келүүдө.

2080441
Япониянын жүк ташуучу компаниялары маршруттарын өзгөртүп жатышат

Йеменде Иран колдогон шиит хуситтердин Кызыл деңиздеги соода кемелерине акыркы кол салууларынан кийин Япониядагы деңиз компаниялары каттамдарын өзгөртүшүүдө.

Йемендеги хуситтердин кол салуулары Жер Ортолук деңизди Кызыл деңиз менен байланыштырган жана дүйнөлүк сооданын 12 пайызы өткөн Суэц каналы аркылуу өтүүнү коркунучка алып келүүдө.

Жапон мамлекеттик NHK телеканалынын кабарына караганда, «Nippon Yusen» жана «Mitsui OSK Lines» компаниялары Европага баруучу жана келүүчү транспорттук кемелердин маршрутун өзгөрттү.

Маршруттун өзгөрүшү «хуситтер Израиль менен байланышы бар жүк ташууну бутага алуу мүмкүнчүлүгү менен» жасалганы жана кемелер Түштүк Африкадагы Илгери Үмүт тумшугуна багытталганы кабарланган.

Улуттук маалымат каражаттарында Кавасаки Кисен Кайша (K Line) жана Ocean Network Express компанияларынын да хусилердин чабуулдарынан улам жүк каттамдарын өзгөрткөнү кабарланды.

Жаңы каттамдардын жеткирүүлөрдүн кечигишине жана транспорттук чыгымдарга алып келиши дүйнөлүк экономикада «жеткирүү чынжырча кризисине» алып келиши мүмкүн деген кооптонууну күчөтөт.



Тектеш кабарлар