Исландиядагы жанар тоо жарылды

Исландиянын Рейкьянес жарым аралындагы  Гриндавик шаарына жакын жерде болгон жанар тоонун жарылышынан  кийин шаар тургундарынын үйлөрүнө кайтуусуна уруксат берилгендиги билдирилди.

2079948
Исландиядагы жанар тоо жарылды

Исландиянын Рейкьянес жарым аралындагы  Гриндавик шаарына жакын жерде болгон жанар тоонун жарылышынан  кийин шаар тургундарынын үйлөрүнө кайтуусуна уруксат берилгендиги билдирилди. 

Полициянын билдирүүсүндө, буга чейин эвакуацияланган тургундар, ишкана ээлери жана кызматкерлер бүгүнтөн тарта шаарга кайтып келе ала турганы белгиленди.

Исландиянын метеорологиялык бюросу (IMO) билдирүүсүндө Рейкьянес жарым аралындагы жанар тоонун 18 - декабрда жарылгандыгы белгилеген.

Исландиянын Жарандык Коргоо жана Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчилеринин бири Видир Рейниссон өлкөдөгү RUV телеканалындагы билдирүүсүндө магма агымына токтолуп, окуянын аймак үчүн «чоң жарылуу сыяктуу» болгонун айткан.

Исландияда бири биринин артынан  болгон жер титирөөлөрдөн кийин  жанар тоонун жарылуу ыктымалына каршы 11-ноябрда  "өзгөчө кырдаал" жарыяланган.

Жетекчилер  алдын алуу максатында өлкөнүн түштүк-батышындагы Гриндавик шаарын эвакуациялоо чечимин чыгарган болчу.

 

 



Тектеш кабарлар