Тойота 1,1 миллион унаасын кайра чакыртып алат

Кайра чакыртып алуу 2020-2022-жылдары чыгарылган Avalon, Camry, Corolla, RAV4, Lexus ES250, ES300H, ES350, RX350 Highlander жана Sienna Hybrid унааларын камтыйт.

2079310
Тойота 1,1 миллион унаасын кайра чакыртып алат

Тойота 1,1 миллион унаасын коопсуздук жаздыктарынын сенсорундагы көйгөйдөн улам кайра чакыртып алат.

Toyota Motor компаниясынын билдирүүсүнө караганда, Toyota жана Lexus кээ бир седан жана SUV үлгүлөрүндө коопсуздук жаздыктарынын сенсорундагы көйгөйдүн унаанын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн салмагын туура эмес эсептеп, кырсык болгон учурда коопсуздук жаздыктары туура ачылбай калышы мүмкүн деген шектенүү менен дүйнө жүзү боюнча 1 миллион 120 миң унааны чакыртып алат.

Кайра чакыртып алуу 2020-2022-жылдары чыгарылган Avalon, Camry, Corolla, RAV4, Lexus ES250, ES300H, ES350, RX350 Highlander жана Sienna Hybrid унааларын камтыйт.

Бул унаалардын 1 миллиону АКШда сатылган.

Ыйгарым укуктуу Тойота дилерлери бул сенсорлорду текшерип, керек болсо алмаштырышат.

Тойота 2024-жылдын февраль айында унаа ээлерин кайра чакыртып алуу жөнүндө кабарлай баштамакчы.



Тектеш кабарлар