Израилдин кол салуулары өзүнүн экономикасына да сокку урду

Израилде жайгашкан жардам уюму Латет, Газага кол салуулардын Израиль экономикасына тийгизген терс таасири тууралуу отчетун жарыялады.

2079339
Израилдин кол салуулары өзүнүн экономикасына да сокку урду

Тель-Авив бийлиги дүйнөнүн көз алдында Газада кыргындарды кылып жатканда, израилдиктерди да жакырлантып жатат.

Израилдеги жардам уюму Латет, Газага кол салуулардын Израиль экономикасына тийгизген терс таасири тууралуу отчетун жарыялады.

Көрсөткүчтөр кол салуулардын Израиль элине келтирген экономикалык зыянын ачыкка чыгарууда.

Отчет 500 израилдик үй-бүлө менен июль, сентябрь жана ноябрь айларында жүргүзүлгөн ар кандай сурамжылоордун жыйынтыгы боюнча даярдалды.

Катышуучулардын 20 пайызы Газадагы кол салуулардан улам кирешелеринин азайгандыгын белгилешти.

Болжол менен 45 пайызы олуттуу экономикалык кыйынчылыктар менен күрөшүп жатабыз деп тынчсызданышат.

Отчетко караганда, өлкө боюнча азык-түлүк коопсуздугу камсыздалбаган чөйрөдө жашаган израилдик үй-бүлөлөрдүн саны көбөйүп 710 миңге жетти.

Чынында, азык-түлүк коопсуздугу көйгөйү бул үй-бүлөлөрдүн жарымына жакыны үчүн олуттуу.

Израилдин Газага кол салууларынын экономикага тийгизген терс таасиринен улам Израилдеги жардам уюмдары иш-аракеттерин арттырды.

Кол салуулардын биринчи күнүнөн (7-октябрдан) бери 130 миңден ашуун жардам пакети муктаж болгон израилдик үй-бүлөлөргө таратылды.



Тектеш кабарлар