Чет жердеги украиналык эркектер армияга чакырылат

Умеров немис Аксел Шпрингер тобуна таандык гезиттерге билдирүү жасады.

2079362
Чет жердеги украиналык эркектер армияга чакырылат

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров, чет өлкөдөгү украиналык эркектердин келерки жылы армияга чакырыла турганын билдирди.

Умеров немис Аксел Шпрингер тобуна таандык гезиттерге берген билдирүүсүндө, Украинанын тышында жашаган 25 жаштан 60 жашка чейинки украиналык эркектерге армияга чакыруу кагазы жөнөтүлөрүн айтты.

Ар кимге калыс болууну каалашкандарын белгилеген Умеров: «Чакыруу жөнөтөбүз, алардын да келип армияга кызмат кылууга укугу бар»,-деди.

Рүстем Умеров, армия чакырыгына баш ийбегендердин жазаланарын, бирок мунун кантип жасалаары боюнча иш-аракеттердин уланып жатканын баса белгиледи.

Умеров ошондой эле АКШнын Украинага колдоо көрсөтүүсүн келерки жылы да улантуу темасында оптимист экенин айтты.

Учурда Германияда аскердик кызматка жарамдуу 190 миңдей украиналык эркек жашайт.



Тектеш кабарлар