Сергей Шойгу келечекте орус армиясындагы аскер саны 1 миллион 500 миңге жеткирилерин айтты

Борбор шаар Москвада коргоо министрлиги кеңейтилип жогорку деңгээлдеги жыйын өткөрүлдү.

2078745
Сергей Шойгу келечекте орус армиясындагы аскер саны 1 миллион 500 миңге жеткирилерин айтты

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу келечекте орус армиясындагы аскер санын тышкы коркунучтарга жараша 1 миллион 500 миңге жеткире турганын айтты.

Борбор шаар Москвада коргоо министрлиги кеңейтилип жогорку деңгээлдеги жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга Россиянын президенти Владимир Путин, коргоо министри Шойгу жана аскердик жетекчилер катышты.

Шойгу бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Россия  - Украина согушуна токтолуп : "Атайын аскердик операция башталгандан мурда Луганск жана Донецк Элдик Республикасынын жерлеринен беш эсе дагы чоң бир аянт орус аскердик топтору тарабынан бошотулду. Референдумлардын натыйжасында  Россия Федерациясына 83 миң чарчы метрлик  болжол менен  5 миллион калктуу төрт жаңы аймак кошулду. Азов  деңизинин сууларында Россияга таандык аскердик деңиз аянты түзүлдү",- деди. 

Украина армиясынын азыркы учурда орус аскердик күчтөрүнө каршы баштаган кол салуусу учурунда "олуттуу" жоготууларга учурагандыгын айткан Шойгу бул сөздөрдү айтты : "Аскердик операциянын башталышынан бери Украина куралдуу күчтөрүндө каза болгон жана жаралуу аскер саны  383  миңден ашты. 14 миң танк,  жөө аскерлер жана бронетранспортерлер, 553 учак жана 259 тик учак, 8500дөн ашык гаубица жана минометтор атылды. Алардын 1427си Польша, 466сы АКШ, 344тү Британиядан болуу менен 5800дөн ашык жалданма  аскер жок кылынды.Украинада 103 согуштук кылмышкер жок кылынды".

Орус армиясынын куралсыздандырылышынын улантылып жаткандыгын айткан Шойгу өлкөсүнүн аскердик коргонуу тармагындагы өндүрүш көлөмүнүн 4 эсеге чыгарылгандыгын белгиледи. 

Шойгу жылдын ичинде армияга 490 миң контракттык жана ыктыярдуу аскердин алынганын, армиядагы чет элдик «ыктыярчылардын» саны 7 эсеге көбөйгөнүн, жалданма аскерлердин саны 6 эсеге азайгандыгын, 650 миң аскердин  Укранада  «тажрыйбага ээ болгонун» айтты. 

Президент Путиндин орус армиясындагы аскер санын  1 миллион  320 миңге чыгарышы тууралуу жарлыкка кол койгондугун эске салган Шойгу : "Келечекте орус армиясындагы аскер санын тышкы коркунучтарга жараша 1 миллион 500 миңге жеткирилет",- деди.  



Тектеш кабарлар