Кытайда 6,2 баллдык жер титирөө болду

Кайталанган жер титирөөлөрдүн уланып жатканы маалымдалып, аймакка издөө-куткаруу топтору жөнөтүлдү.

2078080
Кытайда 6,2 баллдык жер титирөө болду

Кытайда күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болду. Алгачкы маалыматтарга караганда 118 адамдын каза тапканы кабарланды.

Очогу Линься шаары деп айтылган жер титирөө Гансу жана Цинхай облустарында да сезилди.

6,2 баллдык силкинүү жердин 10 чакырым тереңдигинде катталды.

Алгачкы аныктоолого караганда жер титирөөдө 118 адам каза болуп, 4700дөн ашуун үй зыян тартты.

Кайталанган жер титирөөлөрдүн уланып жатканы маалымдалып, аймакка издөө-куткаруу топтору жөнөтүлдү.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялуу районунда да эртең менен күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө болду.



Тектеш кабарлар