Пекиндеги калың кар

Пекиндин тоолуу аймактарындагы туристтик аянттар ​​туристтер үчүн жабылды.

2076301
Пекиндеги калың кар

Кытайдын түндүгүндөгү суук аба ырайы жашоого терс таасирин тийгизди.

Суук толкундун таасирине кабылган баш калаа Пекиндеги башталгыч жана орто мектептер менен бала бакчалар аралыктан билим берүүгө өттү.

Шаарда ишембиге чейин калың кар жаашы күтүлүүдө.

Болжол менен 22 миллион калкы бар Пекинде жеке компанияларга да кызматкерлерине ийкемдүү иштөө шарттарын түзүү сунушталды.

Пекиндин тоолуу аймактарындагы туристтик аянттар ​​туристтер үчүн жабылды.

Ошондой эле жааган кардын айынан борбордон өлкөнүн ар кайсы аймактарына поезд каттамдары үзгүлтүккө учурады.

Дем алыш күндөрү Пекинде абанын температурасы минус 18 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн экени кабарланды.

Өлкөдө жааган кардын акыркы 10 жылдын эң жогорку чегине жете турганы болжолдонууда.



Тектеш кабарлар