Песков Батыштын Украинага жөнөткөн жардамдарына сереп салды

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге берген билдирүүсүндө Батыштын Украинага көрсөткөн жардамына баа берди.

2075784
Песков Батыштын Украинага жөнөткөн жардамдарына сереп салды

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Батыштын Украинага миллиарддаган долларлык колдоосу Киевдин кагылыш болгон аймакта ийгиликке жетишине жардам бербегенин баары түшүнүшү керек деди.

Песков журналисттерге берген билдирүүсүндө Батыштын Украинага көрсөткөн жардамына баа берди.

Орусиянын Киевге болгон жардам процессин абдан жакшы түшүнгөнүн белгилеген Песков: «Украинага куюлган он миллиарддаган долларлар анын жаңжал зонасында ийгиликке жетүүгө жардам бербей турганын баары түшүнүшү керек»,-деп айтты.

Батыштын Украинанын экономикасына жөнөткүсү келген ондогон миллиард доллардын «ошол эле фиаского дуушар болорун» белгилеген Песков, мунун баары кагылышуу аймагындагы абалды да, Орусиянын Украинадагы «атайын аскердик операциясынын жүрүшүн да өзгөртпөй» турганын айтты.

Песков ошондой эле Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын президенти Жо Байдендин жолугушуусун кылдаттык менен байкай турганын белгиледи.



Тектеш кабарлар