Лапид: "Нетаньяху дүйнөнүн жана элдин көпчүлүгүнүн ишенимин жоготту”

Израиль Парламентинин телеканалы Knesset Channel, пленардык жыйында Яир Лапиддин премьер-министр Нетаньяху тууралуу сүйлөгөн сөзүн көрсөттү.

2075654
Лапид: "Нетаньяху дүйнөнүн жана элдин көпчүлүгүнүн ишенимин жоготту”

Израилде оппозиция лидери Яир Лапид, премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун “элдин жана дүйнөнүн көпчүлүгүнүн ишенимин жоготкон премьер-министр” экенин билдирди.

Израиль Парламентинин телеканалы Knesset Channel, Яир Лапиддин пленардык жыйында премьер-министр Нетаньяху тууралуу сүйлөгөн сөзүн көрсөттү.

«Бизде дүйнөнүн ишенимин жоготкон премьер-министр бар» деген Лапид, Израилдин премьер-министри Нетаньяхунун элдин көпчүлүгүнүн жана коопсуздук, экономикалык системанын ишенимин жоготкондугун баса белгиледи.

Лапид өткөн айда да Нетаньяхуну премьер-министрликтен кетирип, анын ордуна Ликуд партиясынан башка бирөөнү дайындоого чакырган.

Соңку сурамжылоолорго караганда, израилдиктердин 27 пайызы гана Нетаньяхуну премьер-министрликке ылайыктуу деп эсептейт.



Тектеш кабарлар