Израилдин армиясы ак фосфорлуу бомбасын моюнга алды

Израиль армиясынын радиосу аркылуу жасалган билдирүү Ак үйдүн Ливандын түштүгүндөгү чабуулдарда мындай тутандыргыч материалдардын колдонулушу жөнүндө тынчсыздануусун билдиргенден кийин жасалды.

2075377
Израилдин армиясы ак фосфорлуу бомбасын моюнга алды

Израиль армиясы инвентаризациясында ак фосфор камтыган түтүн бомбалары бар экенин жарыялады.

Израиль армиясынын радиосу аркылуу жасалган билдирүү Ак үйдүн Ливандын түштүгүндөгү чабуулдарда мындай тутандыргыч материалдардын колдонулушу жөнүндө тынчсыздануусун билдиргенден кийин жасалды.

Билдирүүдө : «Бизде ак фосфор камтыган, камуфляж үчүн иштелип чыккан жана кол салуу же өрт чыгаруу максатын көздөбөгөн түтүн бомбалары бар»,-деп айтылды.

Билдирүүдө Израиль армиясынын да көптөгөн батыш армиялары сыяктуу эл аралык мыйзамдарда мыйзамдуу болгон ак фосфор камтыган түтүн бомбалары бар экени баса белгиленип, булардын мыйзамдуу түрдө күйгүзүүчү курал катары аныкталбаганы айтылды.

Палестинанын Аль-Акса телеканалынын 8-декабрдагы кабарында Израилдин көп сандаган жарандар жашаган Жибалия качкындар лагериндеги мектепке кол салуусунда «фосфор жана түтүн бомбаларын» колдонгону белгиленди.

Америкалык Washington Post гезити 16-октябрда Ливандын Дахайра шаарчасынын түштүгүндө 9 киши жараланган кол салууда Израиль тарабынан колдонулган 155 миллиметрлик ак фосфор артиллериялык снаряддардын калдыктарын тапкан болчу.

Amnesty International жана Human Rights Watch (HRW) Израилдин Газа жана Ливандагы аскердик операцияларында ак фосфор колдонгонун жарыялады.



Тектеш кабарлар