Евробиримдиктин Иранга каршы санкциялары

Евробиримдиктин санкцияларына активдерди тоңдуруу, саякат жана каржы ресурстарын которууга тыюу салуу кирет.

2075368
Евробиримдиктин Иранга каршы санкциялары

Европа Биримдиги (ЕБ), Украинадагы согушта колдонулушу үчүн Орусияга учкучсуз учуучу аппараттарды бергени себептүү Иранга санкция киргизүү чечимин чыгарды.

Европа Биримдиги Кеңешинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Ирандын Украинадагы согушта колдонулушу үчүн Орусияга берген учкучсуз учуучу учактарды иштеп чыгуу жана өндүрүү менен алектенген 6 адам жана 5 уюмга санкция киргизиле турганы айтылды.

Евробиримдиктин санкцияларына активдерди тоңдуруу, саякат жана каржы ресурстарын которууга тыюу салуу кирет.

Cанкцияларды киргизүү максатында Евробиримдик, Ирандын Орусияга учкучсуз аппараттарды жеткирип жатканы боюнча жетиштүү далилдерди чогултуу үчүн бир жылдан ашык убакыттан бери даярдык көрүп жаткан.

Иран болсо Европа Биримдигинин (ЕБ) жаңы санкцияларына реакция кылды. 
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Кенани жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Европа Биримдиги Кеңешинин санкция чечимин айыптап, муну «кыйратуучу демилге» деп мүнөздөдү.



Тектеш кабарлар