Блинкен менен Ганц телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Тараптар сүйлөшүүдө ХАМАСтын колундагы туткундардын аман-эсен кайтышына көмөктөшүү, Газадагы гуманитардык жардамдын көлөмүн көбөйтүү жана жаңжалдын кеңейүүсүнө жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттерди талкуулашты.

2075472
Блинкен менен Ганц телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Израилдин кол салууларында карапайым калктын жабыркабашын алдын алуу үчүн бардык чаралардын көрүлүшү керектигин билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Блинкен, Израилдин согуш кабинетинин мүчөсү жана мурдагы коргоо министри Бенни Ганц менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Тараптар сүйлөшүүдө ХАМАСтын колундагы туткундардын аман-эсен кайтышына көмөктөшүү, Газадагы гуманитардык жардамдын көлөмүн көбөйтүү жана жаңжалдын кеңейүүсүнө жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттерди талкуулашты.

Блинкен Батыш Шериадагы чыңалуунун азайтылышына карата тез арада оң кадамдардын ташталышы керектигин баса белгилеп, Израилдин жарандарга зыян келтирилбеши үчүн бардык чараларды көрүшү керектигин айтты.

Мамлекеттик катчы Блинкен, өлкөсүнүн Палестина мамлекетинин түзүлүүсү үчүн конкреттүү кадамдарды таштоого чечкиндүү экенин да билдирди.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге каршы «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израиль армиясы да согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштаганын кабарлаган.

Күчөгөн чыңалууда көбү балдардан турган 18 миңден ашуун палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар