Иран АКШны айыптады
Иран АКШнын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Газада гуманитардык себептерден улам ок атышууну дароо токтотууну талап кылган резолюция долбооруна вето коюсун айыптады.
Иран АКШнын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Газада гуманитардык себептерден улам ок атышууну дароо токтотууну талап кылган резолюция долбооруна вето коюсун айыптады.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Кенани жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө ок атышууну токтотууну талап кылган мыйзам долбооруна АКШнын вето коюсун айыптап : «АКШ администрациясынын адамзатка каршы жана расисттик саясатынын келечек муундарга калтырган мурасы уят жана абийирсиздиктен башка эч нерсе болбойт»,- деди.
Кенани АКШнын Израилдин кылган согуштук кылмыштарынын өнөктөшү экендигин белгилеп, согуштун масштабын кеңейтүүнүн кесепеттери учун Вашингтон менен Тель - Авив администрациясынын жооптуу боло тургандыгын баса белгиледи.
АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Газада чукул гуманитардык ок атышууну токтотууну талап кылган резолюция долбооруна вето койду.
90дон ашык өлкө, анын ичинде Араб Эмирликтери жана Түркия биргелешип сунуштаган резолюция долбоору БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул сессиясында добушка коюлду.
Долбоорго Британия "калыс" добуш берсе, калган 13 мүчө «макул» деп добуш беришти.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.