Абуллахиян - Гутерреш сүйлөшүүсү

Ирандын тышкы иштер министри Хүсейин  Эмир Абдуллахиян  Америка Кошмо Штаттарынын Израилдин кылмыштарын жана Газадагы согуштун уланышын колдоону уланткан сайын аймактагы  абалдын көзөмөлсүз күч алуу ыктымалы бар экенин айтты.

2074582

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде кечээ добуш берилген Газада чукул түрдө ок атышууну токтотуу долбоорунун  АКШнын добушу менен вето коюлушу,  долбоорду  жактырган өлкөлөр жана эл аралык коомчулук тарабынан реакция менен кабыл алынды.

Ирандын тышкы иштер министри вето чечиминен кийин БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш менен өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Жакынкы Чыгышта  боло тургандарга байланыштуу  ыктымалдарга токтолду. Абдуллахиян : "АКШ сионист режимдин (Израиль)  кылмыштарын жана согуштун улантылышын колдогон процесске аймактагы абалдын көзөмөлгө алынбай тургандай түрдө күч алуу ыктымалы бар",- деди. 

Ирандын тышкы иштер министрлиги жыйындын мазмунуна байланыштуу билдирүүсүндө Абдуллахияндын Гутеррештин Газа тилкеси үчүн БУУнун Уставынын 99 - беренесин ишке киргизген Гутеррешти  «эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо үчүн эр жүрөк кадам» деп атаганы белгиленди. 

Тектеш кабарлар