Байден-Нетаньяху сүйлөшүүсү

АКШнын президенти Байден, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Газадагы акыркы абалга сереп салды.

2074058
Байден-Нетаньяху сүйлөшүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден, Газадагы кагылышуу аймактарында калган жарандарды Хамастын мүчөлөрүнөн айырмалап, карапайым калкты коргоонун зарылдыгын айтты.

Израилдин Газада уланып жаткан кол салууларына үн катпаганы үчүн айыпталган АКШнын президенти Байден, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Газадагы акыркы абалга сереп салды.

Ак үйдүн маалыматына караганда Байден, Израилге чексиз колдоосун кайталады жана Газадагы барымтадагылардын абалына терең тынчсыздануусун билдирди.

Эл аралык Кызыл Крест уюмуна барымтадагыларды Хамастын колунан куткаруу үчүн уруксат берилиши керектигин белгилеген Байден, туткун алмашуунун токтоп калышына Хамастын күнөөлү экенин айтты.

Бир тараптан Жо Байден Газадагы кагылышуу аймактарында калган жарандардын корголушу зарыл экенин билдирип, жарандар менен Хамас мүчөлөрүнүн айырмасын билүүнүн маанилүү экенин маалымдады.

Газага дагы көп гуманитардык жардам жеткирилиши керектигин баса белгилеген Байден, Израилдин аймакка көбүрөөк күйүүчү май берүү чечимин кубаттады.

Жо Байден ошондой эле Батыш Шериада палестиналыктарга каршы күчөгөн зомбулуктан тынчсызданганын жана аймакта ырааттуулуктун камсыздалышы керектигин белгиледи.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин да Израилдин коргоо министри Йоав Галлант менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө, Батыш Шериадагы отурукташкандардын зомбулугуна жол бербөө үчүн аракеттерди күчөтүүгө чакырды.

Остин ошондой эле Израилди Газадагы жарандарды коргоо жана гуманитардык жардамдын жеткирилиши үчүн иш-аракеттерин арттырууга чакырды.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге каршы «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израиль армиясы да согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштаганын кабарлаган.

Чыңалуунун күчөшүндө көбү балдар 17 миңден ашуун палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар