Түркия-Греция мамилелери

Президент Режеп Таййип Эрдоган Грециянын борбор шаары Афинада грек кесиптеши Сакеларопулу менен жолугушту.

2073885
Түркия-Греция мамилелери

Грециянын президенти Катерина Сакеларопулу, Түркия менен азыркы оң ​​саясий эрктин өнүктүрүлүшүнүн мурдагыдан да маанилүү экенин айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган грек кесиптеши Сакеларопулу менен Грециянын борбор шаары Афинада жолугушту.

Сакеларопулу Эрдоган менен жолугушуусунан мурда басма сөзгө берген маалыматында: «Быйыл өлкөлөрүбүздөгү трагедиялар, кыйын шарттарда тилектештик жана колдоо сезиминин эки элди бириктирген орток өзгөчөлүк экенин көрсөттү»,-деди.

Бул жагдайдын эки тараптуу карым-катнаштарда кызматташтыктын тереңдетилиши, чыңалууну жок кыла турган атмосферанын жаралышы жана өз ара саясий эркт үчүн бекем негизди түзгөнүн баса белгилеген Сакеларопулу: «Эки өлкө биргелешип иштешип, тынчтык, гүлдөп-өнүгүү жана эл аралык укукту урматтоого негизделген позитивдүү маанайда бардык баалуулуктарды мындан ары да алдыга алып барышыбыз керек экени талашсыз. Греция менен Түркиянын бул жалпы позитивдүү саясий эркти өнүктүрүүсү абдан маанилүү»,- деп айтты.

Сакеларопулу карым-катнаштарда конструктивдүү климаттын сакталышынын жана ага инвестиция жасоонун маанисине көңүл буруп: «Бүгүн 6 жылдан кийин Грецияда болушуңуз бул оң маанайды чагылдырганына ишенем»,-деди.

Президент Сакеларопулу дос түрк элине бакубатчылык жана тынчтык каалады.



Тектеш кабарлар