G7 Газа үчүн тезирээк чара көрүүгө чакырды

Япониянын кожоюндугунда онлайн өткөрүлгөн G7 лидерлеринин саммитинде учурдагы маселелер, анын ичинде Газа тилкеси жана Орусия-Украина кризиси талкууланды.

2073627
G7 Газа үчүн тезирээк чара көрүүгө чакырды

Экономикасы өнүккөн өлкөлөрдөн (АКШ, Улуу Британия, Франция, Канада, Германия, Италия жана Япония) турган Чоң жетиликтин лидерлери Газада курчуган гуманитардык кризисти чечүү жана жарандык курмандыктардын санын азайтуу үчүн тезирээк чара көрүү керектигин билдиришти.

Чоң жетиликтин кезектеги төрагасы Япониянын кожоюндугунда онлайн өткөрүлгөн G7 лидерлеринин саммитинде учурдагы маселелер, анын ичинде Газа тилкеси жана Орусия-Украина кризиси талкууланды.

Саммиттин соңунда жарыяланган биргелешкен билдирүүдө, Жакынкы Чыгыштагы кризиске байланыштуу «Газада барган сайын курчуган гуманитардык кризиске чечим табуу жана жарандык жоготууларды минималдаштыруу үчүн чукул иш-аракеттерге муктаждык бар экени» айтылды.

Аймакка жардам көрсөтүү үчүн «көбүрөөк гуманитардык тыныгуунун» колдоого алынганы жана кубатталганы белгиленген билдирүүдө, Хамастын "барымтадагылардын баарын алдын ала эч кандай шартсыз дароо бошотушу" чакырыгы да салынды.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге каршы «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израиль армиясы да согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштаганын кабарлаган.

Күчөгөн чыңалууда көбү балдар 16 миң 200дөн ашуун палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар