Блинкен Газага байланыштуу суроолорго жооп берди

Энтони Блинкен CNN түз эфиринде Израилдин Газага кол салууларына байланыштуу акыркы абалга баа берди.

2073765
Блинкен Газага байланыштуу суроолорго жооп берди

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Израилдин Газа тилкесине кол салууларындагы жарандардын курмандыктарына байланыштуу: «Бул баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутат», деп сереп салды.

Энтони Блинкен CNN түз эфиринде Израилдин Газага кол салууларына байланыштуу акыркы абалга баа берди.

Алып баруучу, Блинкендин Газадагы жарандарды коргоонун маанилүүлүгүн баса белгилегени боюнча «Урматтуу министр, карапайым калкты коргоо темасы анча деле жакшы жүрбөй жаткансыйт, анткени карапайым калк, анын ичинде миңдеген балдар өлүп жатат»,-деди.

Блинкен: «Ооба, бул баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутат»,- деп жооп берди.

Өткөн аптада Израилге ишке ашырган сапарын эске салган Блинкен: «Израилдиктерге Газанын түндүгүндөгү жарандык жоготуулардын түштүктө кайталанбаша керектигин айттым. Ошондой эле тамак-аш, суу жана баш калкалоочу жайга муктаж болгондорго гуманитардык жардамдын жетүүсүн камсыз кылуу зарылдыгын баса белгиледим»,-деди.

Израилдин кээ бир аймактарда «коопсуз аймак» түзгөнүн жактаган Энтони Блинкен: «(Жарандардын корголушу) Израилдин бул темада маанилүү кадамдарды таштаганын көрүп жатабыз», деп билдирди.



Тектеш кабарлар