ДССУ кээ бир ичимдиктерге жогорку салык киргизүүнү сунуштады

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун билдирүүсүндө, жыл сайын дүйнөдө 2,6 миллион адамдын алкоголдук ичимдиктерден, 8 миллиондон ашуун адамдын туура эмес тамактануунун айынан каза болору баса белгиленди.

2072976
ДССУ кээ бир ичимдиктерге жогорку салык киргизүүнү сунуштады

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму (ДССУ) алкоголдук ичимдиктер жана кант кошулган суусундуктар сыяктуу зыяндуу азыктарга дүйнөлүк салыктын ставкасын жогорулатууну сунуштады.

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун билдирүүсүндө, жыл сайын дүйнөдө 2,6 миллион адамдын алкоголдук ичимдиктерден, 8 миллиондон ашуун адамдын туура эмес тамактануунун айынан каза болору баса белгиленип, бул өлүмдөрдү азайтуу үчүн алкоголдук ичимдиктерге жана алкоголсуз кант кошулган суусундуктарга салык салынса болору баса белгиленди.

Билдирүүдө мындай суусундуктарга салык салган өлкөлөрдүн жарымы ичүүчү сууга да салык салганы, ал эми ДССУ мунун тескерисин сунуштаганы айтылды.

Билдирүүдө 108 өлкөнүн бул ичимдиктерге салык салганы, бирок дүйнө боюнча орточо керектөө салыгынын ичимдиктердин баасынын 6,6 пайызын гана түзгөнү белгиленди.

Билдирүүдө, ДССУ директорлорунун бири Доктор Рудигер Креч: «Ден-соолукка зыяндуу азыктарга салык салуу калктын ден-соолугун чыңдайт. Азыраак ооруу жана арыктоо, ошондой эле өкмөттөр үчүн мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн киреше алып келет. Алкоголдук ичимдиктерге карата салыктар Ошондой эле зордук-зомбулуктун жана жол кырсыктарынын алдын алууга жардам берет»,-деп айткандары камтылган.

Билдирүүдө алкоголдук ичимдиктерди колдонууну азайтуу үчүн 2017-жылы алкоголдук салыктарды жогорулаткан Литва сыяктуу өлкөлөрдө алкоголдук ичимдиктерге байланыштуу оорулардан каза болгондордун саны азайганы ортого салынды.

Керектөө салыгынын бардык кант кошулган жана алкоголдук ичимдиктерге колдонулушун сунуштаган ДССУ, өлкөлөргө колдоо көрсөтүү үчүн алкоголдук салык саясаты боюнча техникалык жол көрсөтүүнү да жарыялады.



Тектеш кабарлар