Газада каза тапкандардын саны көбөйүүдө

Израилдин 7-октябрдан бери блокададагы Газа тилкесине карай кол салууларында каза болгондордун 70 пайызынын аялдар жана балдар экени билдирилди.

2072474
Газада каза тапкандардын саны көбөйүүдө

Газа тилкесинде Израилдин кол салууларынан каза болгон палестиналыктардын саны 376га көбөйүп 15 миң 899га жетти.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги, Израилдин 7-октябрдан бери блокададагы Газа тилкесине карай кол салууларында каза болгондордун 70 пайызынын аялдар жана балдар экенин, жаралангандардын санынын болсо 42 миңге жеткенин билдирди.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары 7-октябрда Израилге каршы «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израиль армиясы да согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштаганын кабарлаган.



Тектеш кабарлар