Газада Израилдин жоготуулары көбөйүүдө

Газадагы кагылышууларда дагы 3 израилдик аскердин өлтүрүлгөнү белгиленди.

2072721
Газада Израилдин жоготуулары көбөйүүдө

Израиль армиясы, Газа тилкесиндеги кагылышууларда өлтүрүлгөн аскер санынын 78ге жеткенин кабарлады.

Армиянын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Газадагы кагылышууларда бири офицер 3 израилдик аскердин өлтүрүлгөнү белгиленди.

Билдирүүдө Газанын түндүгүндөгү кагылышууда 4 аскердин да оор жаракат алганы маалымдалды.

Израиль армиясынын кургактыктан чабуулунан кийин Газа тилкесиндеги кагылышууларда өлтүрүлгөн израилдик аскерлердин саны 78ге жетти.

Хамастын аскердик канаты Иззеддин ал-Кассам бригадасы да кечээ Газа тилкесинде Израиль армиясына таандык 28 аскердик унааны бутага алганын жарыялаган.

Израилде 7-октябрдагы кол салууларда 310дон ашууну аскер 1200 израилдиктин каза болгондугу, 5132 кишинин жараланганы кабарланды.

Ливан чек арасында болсо 6 израилдик аскер өлтүрүлдү.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине карай кол салууларында көбү аялдар жана балдар 15 миң 899 палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар