БУУ Газада ичеги жана тери ооруларынын жайылышы тууралуу эскертти

Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам жана коомдук иштер боюнча агенттигинин (UNRWA) Газадагы басма сөз директору Аднан Абу Хусне темага байланыштуу маалымат берди.

2072160
БУУ Газада ичеги жана тери ооруларынын жайылышы тууралуу эскертти

Израилдин кол салууларына дуушар болгон Газа тилкесинде ичеги, тери жана гепатит вирусунан келип чыккан оорулардын жайылышы мүмкүн экендиги эскертилди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам жана коомдук иштер боюнча агенттигинин (UNRWA) Газадагы басма сөз директору Аднан Абу Хусне темага байланыштуу маалымат берди.

Абу Хусне Газа тилкесинде 7-октябрда башталган кагылышуулардан мурункуга салыштырмалуу ичеги оорулары 4 эсе, тери оорулары 3 эсеге көбөйгөнүн айтты.

БУУнун өкүлү, холера сыяктуу эпидемиялык оорулар, ошондой эле гепатит вирусунун түрлөрүнүн аймакта жайылып жатканы тууралуу айрым отчеттор бар экенин ырастады.



Тектеш кабарлар