Филиппинде күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө болду

Америка Кошмо Штаттарынын Геологиялык кызматы (USGS) Минданао аралынын чыгышында күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөөнүн катталганын билдирди.

2071838
Филиппинде күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө болду

Филиппиндин түштүгүндөгү Минданао аймагына жакын жерде күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө болду.

Америка Кошмо Штаттарынын Геологиялык кызматы (USGS) Минданао аралынын чыгышында күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөөнүн катталганын билдирди.

Жер астында болжол менен 30 километр тереңдикте болгон жер титирөөдөн кийин цунами коркунучу тууралуу эскертүү да берилди.

Филиппиндин вулканология жана сейсмология институту (Phivolcs) жээктеги аймактардагы адамдарды дароо эвакуациялоону сунуштады.

Жер титирөөдөн кийин онго жакын жер титирөө болгон, алардын көбү 5 баллдан ашкан.

Аймактагы адамдардын көбү үйлөрүн таштап кеткени менен жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу эч кандай маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар