Захарованын учагы Болгария аба мейкиндигине кире алган жок

Учак багытын өзгөртүп Греция аркылуу учушу керек эле.

2071453
Захарованын учагы Болгария аба мейкиндигине кире алган жок

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарованын учагы  өлкө башкаруусунун тыюу салуусу менен Болгариянын аба мейкиндигине кире алган жок.

Учак багытын өзгөртүп Греция аркылуу учушу керек эле.

Россия президенттигинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков  Болгария башкаруусун акылга сыярлык чечим чыгарууга чакырды. Катчы : «Болгария башкаруусунун мамилеси тууралуу сөз кылуу мүмкүн эмес. Бул биринчиси. Экинчиден чечим эч бир алкакка туура келбейт. Үчүнчүдөн, бул чечим абсурд», - деди.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Скопьеге барган учакта Мария Захарова да болгон. Министрдин учагы мурда пландалгандай Болгариянын эмес, Грециянын үстүнөн учушу керек болчу.

Захарова да  Болгария башкаруусунун чечимин «коркунучтуу келесоолук» деп мүнөздөдү. Захарова  Telegram каналынан :  «Бул жөн эле келесоолук эмес, Болгария башкаруусундагы  интригандын коркунучтуу келесоолугу», — деп жазды.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы 1944 - жылы кабыл алынган Эл аралык жарандык авиация боюнча Чикаго конвенциясына ылайык, “мамлекеттик чек аралар кургактыктагы чек араларды жана ага жакын жайгашкан аймактык сууларды билдирет” жана аба мейкиндиги бул аныктаманын алкагынан тышкары экенин эске салды. Захарова  Европа Биримдигинин “ансыз да мыйзамсыз санкциялардын” санкция салынган  адамдын конбостон  учуусуна таасир эте албай тургандыгын кошумчалады.



Тектеш кабарлар