Иран делегациясы Дубайдагы саммиттен чыгып кетти

Экбер Махрабиян саммиттен Израилдин президенти Ицхак Херцогдун да катышып жатканынан улам чыгууну чечкендерин айтты.

2071508
Иран делегациясы Дубайдагы саммиттен чыгып кетти

Бириккен Араб Эмирликтеринин Дубай шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (COP28) 28- Тараптар конференциясында Ирандын атынан катышкан энергетика министри Али Экбер Махрабиян делегациясы менен бирге саммиттен чыгып кетүүнү чечти.

Экбер Махрабиян саммиттен Израилдин президенти Ицхак Херцогдун да катышып жатканынан улам чыгууну чечкендерин айтты.

Экбер Махрабиан: «Иран катары сионист Израиль режиминин саммитте болушу, климаттын өзгөрүүсү темасын караган жыйындын максаттарына карама-каршы келет деп эсептейбиз. Буга реакция катары саммиттен чыгып кетүүнү чечтик», - деди.



Тектеш кабарлар