Деннис Фрэнсис : «Зомбулук дагы көп зомбулукка алып барат»

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын төрагасы Деннис Фрэнсис : «Зомбулук дагы көп зомбулукка алып барат»,-деп Газада толук ок атышпоонун зарыл экендигин айтты.

2070758
Деннис Фрэнсис : «Зомбулук дагы көп зомбулукка алып барат»

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын төрагасы Деннис Фрэнсис : «Зомбулук дагы көп зомбулукка алып барат»,-деп Газада толук ок атышпоонун зарыл экендигин айтты.

Фрэнсис БУУнун Нью - Йорктогу имаратында пресс - конференция өткөрдү.

Фрэнсис Израиль - Палестина маселесине байланыштуу дипломатияда бардык нерсенин мүмкүн экенин, тараптар бир столдун  тегерегине отуруп сүйлөшө баштаганда жыйынтыктын кандай болору белгисиз экенин айтты.

Фрэнсис: "Артка кылчайып карасаңар, кризистин башталышы болгон 7 - октябрдан бери ок атышууну токтотууга тынымсыз чакырдым. Ок атышууну толук токтотуу керек. Анткени зомбулук дагы көп зомбулукка алып барат",- деди.

Зомбулуктун чечүүчү жол эмес экендигин, маселени чечүү үчүн саясий катышуунун зарыл экенин белгилеген Фрэнсис: "Ошол эле учурда БУУнун негизги баалуулуктарынын бири адам өмүрүн сактап калуу. Кагылышуу болгон учурда  адамдардын өмүрү коркунучта болот. Кагылышуунун жыйынтыгында 5 жуманын ичинде 15 миң адамдын каза болгондугун көрүп жатабыз»,- деди.  

Бул абалдын туруктуу эмес экенин жана чечүүчү жолго кызмат кылбаганын баса белгилеген Фрэнсис : «Кагылышууларга берилген гуманитардык тыныгуунун   толук ок атышпоого айланышын жана саясий процесстин башталышын каалайм»,-деди.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израиль армиясы согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялады.

Чыңалуунун күчөшүндө болжол менен 16 миң палестиналык каза болду.

 



Тектеш кабарлар