Украина согушу өлкөнүн башка аймактарына жайылышы мүмкүн

Украина куралдуу күчтөрүнүн Бириккен күчтөр командири Сергей Наев маалымат берди.

2069910
Украина согушу  өлкөнүн башка аймактарына жайылышы мүмкүн

"Россия жана Украинанын ортосундагы согуш Украинанын түштүгү жана чыгышынын тышына да жайылышы мүмкүн".

Билдирүүнү жасаган Украина куралдуу күчтөрүнүн Бириккен күчтөр командири Сергей Наев. 

Наевдин айтымында, эгер Россия союздаштарынын жардамы менен курал - жарак өндүрүшүн көбөйтүп, технологияларын өнүктүрүүнү улантса, аскердик аракеттер Украинанын башка аймактарына да жайылышы мүмкүн. Командирдин баамында, эгер Украинанын өнөктөштөрү жардам көлөмүн азайтса, мындай сценарий  болушу мүмкүн.

Командир : «Жардамдардын  азайышы  коргонуу жөндөмдүүлүгүбүз үчүн чыныгы сокку болот. Ошентсе да  колубузда эмне болсо, аны менен күрөшүүнү улантабыз. Чеп куруу ишибиз уланууда, мина коюп жатабыз, армиябызды машыктыруудабыз», - деп кошумчала

Украина куралдуу күчтөрүнүн башкы командири Валерий Залужный мындан мурда фронттогу абалдын  туңгуюкка кептелгендигин, тараптардан эч биринин алдыга жыла албагандыгын бирок технологиялык жактан бирдей жабдылгандыгын айткан. Генералдын билдирүүсүнө караганда  Биринчи Дүйнөлүк согушун эстетүүдө. 

Бир тараптан Украинанын президенти  Владимир Зеленский фронттогу абалдын туңгуюкта  экендигин ойлобогонун айтты. Зеленскийдин оюу боюнча Киевдин мамилесинде өзгөрүү жок : мурункудай Россиянын учурдагы башкаруучулары менен сүйлөшүү өткөрүүнү четке кагууда. 

 



Тектеш кабарлар