Израиль күчтөрү палестиналык бир баланы өлтүрдү

Израиль күчтөрү оккупациядагы Батыш Шериада чыныгы ок менен жаралаган  14 жаштагы Амр Ахмед Жемил Вахдан каза болду.

2069980
Израиль күчтөрү палестиналык бир баланы өлтүрдү

Израиль күчтөрү оккупациядагы Батыш Шериада чыныгы ок менен жаралаган  14 жаштагы Амр Ахмед Жемил Вахдан каза болду. 

Көргөн күбөлөр Израиль күчтөрүнүн Батыш Шерианын түндүгүндөгү Тубас шаарына жакын жердеги Таясир  айылында Вахдан да араларында болгон айрым палестиналыктардын  жаралангандыгын айтты.

Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Израиль күчтөрү тарабынан чыныгы ок менен жараланган Вахдан жаткырылган ооруканада бардык кийлигишүүлөргө карабастан куткарыла албагандыгы маалымдалды. 

Израиль күчтөрү бүгүн эрте менен Рамалла жакындарында да 2 палестиналыкты өлтүргөн. 

Палестина мекемелеринин билдиргенине караганда 7 -  октябрдан бери Израиль күчтөрү жана жөөт отурукташуучулардынкол салууларында  оккупация астындагы Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста 242 палестиналык өлтүрүлүп, 3 миңден ашуун киши да жаракат алды. 

 



Тектеш кабарлар