Болгария аба мейкиндигин ачса Лавров ЕККУнун жыйынына барат

Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Примаков окуулары боюнча эл аралык форумда сөз сүйлөп жатып билдирди.

2069823
Болгария аба мейкиндигин ачса Лавров ЕККУнун жыйынына барат

Болгария аба мейкиндигин ачса Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түндүк Македониянын борбор шаары Скопьедеги ЕККУнун жыйынына барат.

Болгария Түндүк Македонияга убада кылгандай Орусия Федерациясына өзүнүн аба мейкиндигин ачса, орус делегациясы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлеринин Скопьедеги жыйынына катышат.

Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Примаков окуулары боюнча эл аралык форумда сөз сүйлөп жатып билдирди.

Лавров: «Македония бизди ЕККУнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына чакырды. Болгариянын Македонияга аба мейкиндигин ачууну убада кылганы айтылууда. Эгер бул ишке ашса, биз да ошол жерде болобуз»,- деди.

Лавров: «Ал жерде болсок, жолугушуу үчүн Батыш өкүлдөрү менен катар көптөгөн өтүнүчтөр бар. Албетте баары менен жолугушабыз»,-деп айтты.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров азыркы глобалдык абалды коопсуздук белгисиздиги жагынан кансыз согуш мезгили менен салыштырса болот деп да сереп салды.

Түндүк Македониянын борбору Скопьеде 30-ноябрдан 1-декабрга чейин Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт.



Тектеш кабарлар