Бангладеште денге ысытмасы

Акыркы 24 саатта 8 кишинин каза болгону кабарланды.

2069701
Бангладеште денге ысытмасы

Бангладеште жыл башынан бери денге ысытмасынан каза болгондордун саны 1600дөн ашты.

Бангладештин Саламаттыкты сактоо кызматтары башкы директорлугунун (DGHS) билдирүүсүндө, акыркы 24 саатта өлкөдө жарымы борбор калаа Даккада катталган денге ысытмасынан 8 кишинин каза болгону кабарланды.

Билдирүүдө быйылкы жылдын башынан бери денге ысытмасына байланыштуу өлүмдөрдүн 1600дөн ашканы белгиленди.

920 жаңы учурдун ооруканаларга жөнөтүлүшү менен жалпы жуктаргандардын саны 309 миңден ашканы айтылган билдирүүдө, өлкө боюнча ооруканаларда 3 миң 493 кишинин дарыланып жатканы маалымдалды.  



Тектеш кабарлар