Израилдик туткундардын жакындары демонстрацияга чыгышты

Тель-Авивдин искусство музейинин алдындагы демонстрацияга миңдеген израилдиктер, ошондой эле туткундардын жакындары катышты.

2068837
Израилдик туткундардын жакындары демонстрацияга чыгышты

Израилдиктер борбор шаар Тель-Авивде палестиналык каршылык кыймылы Хамас тарабынан туткундардын бошотулушун талап кылып демонстрация өткөрүштү.

Тель-Авивдин искусство музейинин алдындагы демонстрацияга миңдеген израилдиктер, ошондой эле туткундардын жакындары катышты.

Израилдик туткундардын сүрөттөрүн көтөргөн туугандары англис жана ивритче: «Аларды азыр үйгө алып келгиле» деп ураандарды чакырышты.

Митингчилер Газадагы туткундардын бошотулушу талабын кайталап, алардын баары бошотулмайынча күрөштү уланта тургандыктарын билдиришти.

Бир тараптан Израиль полициясы демонстрация болгон аймактын айланасында катуу коопсуздук чараларын көрүп, айланма жолдорду кыймылга жапты.

Израиль менен Хамастын ортосундагы кагылышууларда 4 күндүк гуманитардык тыныгуу тууралуу келишим 24-ноябрь жума күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дө күчүнө кирди.

Биринчи туткун алмашуу кечээ Хамас менен Израилдин ортосунда барымта алмашуу процессинин башталышы менен болду. Египет чек арасындагы Рефах дарбазасында барымтага алынган 13 израилдик бийликтерге тапшырылса, 39 палестиналык туткун да бошотулду.

Келишимге ылайык, Израилдин абактарында жаткан 150 палестиналык Хамастын барымтасындагы 50 израилдик туткундун ордуна бошотулат. Бошотула турган барымтадагылардын арасында эки тараптан тең аялдар жана балдар бар.



Тектеш кабарлар