Израилдик миллиардерге таандык кеме кол салууга учурады

Учкучсуз учуучу аппаратынын жарылып,  кемеге зыян келтиргендигин айткан жетекчи кеменин экипажында жаралуулардын болбогондугун айтты.

2068738
Израилдик миллиардерге таандык  кеме кол салууга учурады

Израилдик бир миллиардерге таандык  контейнер кемесинин Иранга таандык экендиги болжолдолгон учкучсуз учуучу аппаратынын кол салуусуна учурагандыгы билдирилди. 

Атынын билдирилишин каалабаган коргонуу боюнча америкалык жетекчи маалымат агенттиги The Associated Pressке берген билдирүүсүндө изриалдик бир миллиардерге таандык Мальта желектүү кеменин Инд океанында эл аралык сууларда бара жатып Иранда чыккан "Шахид  - 136" моделиндеги учкучсуз учуучу аппараты менен бутага алынышынын болжолдолуп жаткандыгын билдирди. 

Учкучсуз учуучу аппаратынын жарылып,  кемеге зыян келтиргендигин айткан жетекчи кеменин экипажында жаралуулардын болбогондугун айтты. 

Абалды жакындан изилдөөнү уланткандарын белгилеген америкалык жетекчи кол салуунун артында эмне себептен Ирандын тургандыгын карап жаткандарын  айтуудан алыс турду. 

 



Тектеш кабарлар