Израиль мектепти атты

Израилдин  аскердик учактарынын Газа тилкесинин түндүгүндө бир мектепке жасаган абадан кол салуусунда 27 киши каза болуп, 93 киши жараланды.

2068206
Израиль мектепти атты

Израилдин  аскердик учактарынын Газа тилкесинин түндүгүндө бир мектепке жасаган абадан кол салуусунда 27 киши каза болуп, 93 киши жараланды.

Палестинанын расмий маалымат агенттиги WAFAнын кабарына караганда Израилдин аскердик учактары Газанын түндүгүндөгү Жибалия качкындар лагеринде жер которгон жүздөгөн палестиналык баш калкалаган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мектебине абадан кол салуу жасады.

Кол салууда 27 киши каза болуп, кеминде 93 киши жараат алды.

Кол салууда бутага алынган мектептин Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам берүү жана иш боюнча агенттигине (UNRWA) караштуу Абу Хусейн мектеби экендиги билдирилди.

Израиль аскердик учактарынын Газа тилкесинин орто жана түштүгүндө жарандык отурукташуу жерлерине абадан жасаган кол салууларында кеминде 11 киши каза болуп,  көп сандаган киши жараланды.

Бир тараптан Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги түндүктһгү Индонезия оорукнасынын Израиль  армиясынын "катуу бомбалоосуна" дуушар болгону, 200 жаралуунун жана медициналык кызматкердин  өмүрүнөн тынчсыздануу болуп жаткандыгын билдирди. 

WAFA Израиль аскерлеринин катуу бомбалоодон кийин ооруканага кол салганын, жарадар болгон бир аялды өлтүргөнүн, кеминде  3 кишини жарадар кылганын, 3 кишини да камоого алганын жарыялады.

Израиль армиясы гуманитардык тыныгууга киргенден мурда Газа тилкесинин эң чоң медициналык комплекси Шифа ооруканасы жайгашкан бөлүгүндө да "туннель структурасы" экендиги айтылган жерди да кыйратуучу күчү жогору бомба менен бомбалады.

 

 



Тектеш кабарлар