Байден Нетаньяху жана Сиси менен сүйлөштү

Ак үйдүн билдирүүсүнө караганда, Байден Нетаньяху менен сүйлөшүүсүндө, Израиль менен Хамастын ортосундагы туткун алмашуу келишимин кубаттаганын айтты.

2067775
Байден Нетаньяху жана Сиси менен сүйлөштү

АКШнын президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Ак үйдүн билдирүүсүнө караганда, Байден Нетаньяху менен сүйлөшүүсүндө, Израиль менен Хамастын ортосундагы туткун алмашуу келишимин кубаттаганын айтты.

Газага гуманитардык жардам жеткирүү темасына токтолгон Байден, Батыш Шериада тынчтыктын сакталышынын маанилүүлүгүнө да көңүлдөрдү бурду.

Байден Египеттин президенти Сиси менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө да, Египетке туткундарды алмашуу келишимине жетишүүдөгү аракети үчүн ыраазычылык билдирди.

АКШнын палестиналыктардын Газадан же Батыш Шериадан күч менен чыгарылышына жол бербей турганын белгилеген Байден, Газанын курчоого алынышына же Газа чек араларынын кайрадан чийилишине да уруксат бербей турганын айтты.

Эки лидер ошондой эле Газага гуманитардык жардам жеткирүү темасында макулдашты.



Тектеш кабарлар