Абдуллахиян менен Насралла жолугушту

Хизбулла жазуу түрүндө маалымат берди.

2068053
Абдуллахиян менен Насралла жолугушту

Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян Хизбулланын баш катчысы Хасан Насралла менен Палестина, Ливан жана аймактагы окуялар тууралуу сүйлөштү.

Хизбулладан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Абдуллахиян жана аны коштогон делегация расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Ливандын борбор шаары Бейрутта Хизбулланын лидери Насралла менен жолугушту.

Палестина жана Ливандагы акыркы абалдар каралган жолугушууда, аймактагы абал, окуялардын жүрүшүнө байланыштуу учурдагы мүмкүнчүлүктөр жана Израилдин Газа тилкесине каршы агрессиясын токтотуу үчүн көрүлгөн аракеттер талкууланды.

Ирандын тышкы иштер министри Абдуллахиян кечээ Бейрутта Ливандын парламентинин төрагасы Небих Берри, премьер-министр Нажиб Микати менен бирге Палестина Ислам Жихадынын башкы катчысы Зияд ан-Наххале, ошондой эле Хамастын Араб жана Ислам дүйнөсү менен байланыштар бөлүмүнүн башчысы Халил аль-Хайе менен да жолугушкан.



Тектеш кабарлар