Путин: "Газадагы кырдаал орчундуу чектен ашты"

Путин борбор шаар Москвада өкмөт мүчөлөрү менен онлайн жолугушуусунда актуалдуу маселелерге байланыштуу билдирүү жасады.

2067592
Путин: "Газадагы кырдаал орчундуу чектен ашты"

Орусиянын президенти Владимир Путин, Газадан чыга албай калган жарандарына жардам бере тургандарын айтып: "Ал жерде (Газада) кырдаал критикалык чектен ашты",- деди.

Путин борбор шаар Москвада өкмөт мүчөлөрү менен онлайн жолугушуусунда актуалдуу маселелерге байланыштуу билдирүү жасады.

Газа тилкесиндеги кырдаалга токтолгон Путин: "Ал жерде кырдаал критикалык чектен ашты",-деп айтты.

Путин (Газадан) 900дөн ашуун эвакуация арызын алгандарын билдирип: "Алардын 639у Орусиянын жарандары, 271и бул жарандардын жакындары», - деди.

Жарандардын эвакуацияланышына маани бергендерин баса белгилеген Владимир Путин: "Бул өтө маанилүү гуманитардык милдет. Болуп өткөн окуялардын курмандыгы болгон адамдарга жардам беришибиз керек. Биз ал жерде эмне болуп жатканын көрүп турабыз. Андыктан өзгөчө жарандарыбызга жардам берүү биздин ыйык милдетибиз",- деди.

Путин кечээ Москвада Тажикстандын президенти Эмомали Рахман менен жолугуп, коопсуздукту камсыздоо маселесин талкуулаганын билдирди.

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) кирген өлкөлөр менен орток коргонуу системасын түзүүнүн маанилүүлүгүнө токтолгон орус лидери бул багытта иш-аракеттердин жүрүп жатканын айтып: "Тажикстанга С-300 абадан коргонуу системаларынын эки тобун жеткирдик. Жалпысынан 8 учуруу системасы бар",-деди.

Хамастын куралдуу канаты Изз ад-Дин ал-Кассам бригадалары Израилдин “палестиналыктарга жана алардын ыйык баалуулуктарына, өзгөчө Аль-Акса мечитине карай тынымсыз мыйзам бузууларына жооп кайтаруу” деген негиз менен 7-октябрда эртең менен кеңири чабуулду, Израил армиясы да Газа тилкесин абадан катуу бомбалоону баштаган.

Израилдин Газага кол салууларында көбү аялдар жана балдар 14 миңден ашуун киши каза болуп, жаралангандардын саны 33 миңден ашты.



Тектеш кабарлар