Израиль менен Хамас макулдашты

Туткун алмашуу келишимин талкуулоо үчүн премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун жетекчилигинде чогулган өкмөт кабинети тарабынан кабыл алынган чечим жарыяланды

2067164
Израиль менен Хамас макулдашты

Израиль өкмөтү, Газа тилкесиндеги Хамас кыймылы менен туткун алмашуу келишимин жана 4 күндүк убактылуу ок атышпоону кабыл алганын билдирди.

Израилдин премьер-министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, туткун алмашуу келишимин талкуулоо үчүн премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун жетекчилигинде чогулган өкмөт кабинети тарабынан кабыл алынган чечим жарыяланды.

Билдирүүдө: «Буга ылайык аялдар жана балдардан турган кеминде 50 туткундун 4 күндүн ичинде бошотулушу жана бул мөөнөттө согуштук аракеттердин токтотулушу көздөлүүдө»,-деген сөздөр камтылды.

Билдирүүдө "туткунга түшкөн ар бир 10 адамдын бошотулушу салгылашууларды кошумча бир күнгө токтотууга мүмкүндүк берет" деп кабарланды.

Израилдин айтымында, Газа тилкесинде Хамастын куралдуу канаты Кассам бригадаларында 239 израилдик туткун бар.

Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы Хамас тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта да, Катар жана Египеттин ортомчулугунда узакка созулган сүйлөшүү процессинин натыйжасында Израиль менен убактылуу ок атышпоо келишиминин түзүлгөнү белгиленди.

Келишимге ылайык, «50 израилдик туткундун ордуна Израиль абагындагы 150 палестиналыктын бошотула турганы», булардын эки тараптан тең 19 жашка чейинки аялдар жана балдардан турганы белгиленди.

Келишимге караганда ок ​​атышпоонун 4 күнгө созула турганы жана гуманитардык жардам материалдары менен күйүүчү май ташыган жүздөгөн фуранын Газа тилкесине кирээри, түндүк жана түштүк дебестен Газа тилкесинин бардык аймактарына күйүүчү май жана жардам материалдарынын ташыла турганы айтылды.

Мындан тышкары, ок атышпоо мезгилинде Газа тилкесинин түштүгүндө күн бою, түндүгүндө болсо күн сайын саат 10.00-16.00 (жергиликтүү убакыт боюнча) арасында аба каттамдары токтотулуп, Израиль күчтөрүнүн Газа тилкесинде эч кимди кармабоо жана эч кимге кол салбоо принцибин кармана турганы маалымдалды.

Билдирүүдө Салахаддин жолунда түндүктөн түштүккө карай элдин эркин жүрүүсүнө кепилдик берилери баса белгиленди.

Катар башкаруусу болсо «Израиль менен Хамастын ортосундагы кагылышууларда гуманитардык тыныгуунун» качан башталаарынын 24 сааттын ичинде жарыялана турганын билдирди.



Тектеш кабарлар