АКШнын Ирактагы базасына кол салуу болду

АКШнын коргоо министрлигинин катчысынын орун басары Сабрина Сингх эртең менен болгон кол салууга байланыштуу билдирүү жасады.

2067377
АКШнын Ирактагы базасына кол салуу болду

Америка Кошмо Штаттарынын Ирактагы аскердик базасына кол салуу болду. 

АКШнын коргоо министрлигинин катчы орун басары Сабрина Сингх эртең менен болгон кол салууга байланыштуу билдирүү жасады.

Билдирүүдө Иран колдогон топтордун АКШ жана союздаштары жайгаштырылган Ирактагы Айн ал-Асад аскердик базасына кыска аралыкка атуучу баллистикалык ракеталар менен кол салганы белгиленди.

Кол салууда жеңил жаралангандардын болгону жана инфраструктурага зыян келтирилгендиги билдирилди. 

АКШ армиясынын да окуядан кийин Иран колдогон топторго Ас - 130 куралдуу  учактары менен жооп бергени белгиленди.

АКШ күчтөрүнө  17 -  октябрдан бери 32си Иракта, 34тү Сирияда жалпы 66 кол салуунун болгондугу маалымдалды. Бул кол салууларда 62 кишинин жаракат алгандыгы тууралуу маалымат бөлүшүлдү. 

 

 



Тектеш кабарлар