Сомалидеги сел: 53 адам каза болду

Сомалинин Апатты башкаруу агенттигинин (SODMA) төрагасы Мохамуд Моаллин Абдулле маалымат берди.

2066942
Сомалидеги сел: 53 адам каза болду

Сомалиде нөшөрлөгөн жамгырдан улам жүргөн селдин кесепетинен каза болгондордун саны 53кө жетти.

Сомалинин Апатты башкаруу агенттигинин (SODMA) төрагасы Мохамуд Моаллин Абдулле басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө 1,5 миллион кишинин ашыкча жамгыр жана селден жабыркап, 5 миңден ашуун үйдүн кыйраганын белгиледи.

Абдулле апааттан 53 кишинин каза болгонун айтты.

Сомалидеги сел Хираан, Бакол, Бей жана Гедо аймактарында таасирдүү болду.

Селдерден мал жана айыл чарба жерлери да зыян тартты.

Акыркы жылдарда эң катуу кургакчылыкты башынан өткөргөн Сомали жана Кения климаттын өзгөрүүсүнөн эң көп жабыр тарткан өлкөлөрдүн арасында.

Кения ашыкча жаандан улам жарандарына эскертүү берген. Селден кийин Сомалинин айрым аймактарында «өзгөчө абал» жарыяланды.



Тектеш кабарлар