Израилдин аба соккусунан 2 журналист набыт болду
Израиль армиясы Тейр Харфа шаарына жакын жердеги журналисттер жайгашкан жерге абадан сокку урду.
Израилдин Ливандын түштүгүнө аба соккусунан 2си журналист 3 кишинин каза болгондугу белгиленди.
Ливандын расмий NNA агенттигинин кабарына караганда, Израиль армиясы Тейр Харфа шаарына жакын жердеги журналисттер жайгашкан жерге абадан сокку урду.
Кол салууда Al Mayadeen телеканалынын аял кабарчысы Фарах Өмер, оператор Рабих эл Мамари жана 1 жарандын каза болгондугу билдирилди.
Израилдин 8-октябрдан бери Ливандын түштүгүнө жасаган кол салууларында каза болгон журналисттердин саны 3кө жетти.
Бир тараптан Брюсселдеги Эл аралык Журналисттер федерациясы (IFJ) Израилдин Газада журналисттерди өлтүрүшүн айыптаганын жарыялады.
IFJнин билдирүүсүндө, журналисттердин өлүмү боюнча тез арада иликтөө жүргүзүлүшү талап кылынды.
Билдирүүдө ушул убакка чейин Израилдин кол салууларында каза болгон 62 журналисттин аты-жөнү, өлүм датасы жана жерлери камтылды.
Палестинанын расмий маалымат агенттиги WAFA, Израилдин 7-октябрдан бери Газага кол салууларында 6сы аял 62 журналистти өлтүргөнүн кабарлаган.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.