Япония, Канада, АКШнын Газа чакырыгы

Япониянын тышкы иштер министри Камикава Йоко борбор шаар Токиодо өткөргөн маалымат жыйынында, ушул айда шаарда өткөрүлгөн Чоң жетиликтин тышкы иштер министрлеринин жыйынында Газа тилкеси үчүн айтылган чакырыктарды эске салды.

2066829
Япония, Канада, АКШнын Газа чакырыгы

Япон өкмөтү, Израилдин чабуулдары уланып жаткан Газа тилкесиндеги гуманитардык кризисти чечүү максатында азык-түлүк, суу, медициналык жардам жана күйүүчү майга тоскоолдуксуз жетүүнү камсыз кылуу үчүн шашылыш чара көрүү чакырыгын кайталады.

Япониянын тышкы иштер министри Камикава Йоко борбор шаар Токиодо өткөргөн маалымат жыйынында, ушул айда шаарда өткөрүлгөн Чоң жетиликтин тышкы иштер министрлеринин жыйынында Газа тилкеси үчүн айтылган чакырыктарды эске салды.

Газадагы гуманитардык кризисти чечүү максатында азык-түлүк, суу, медициналык жардам жана күйүүчү майга тоскоолдуксуз жетүүнү камсыз кылуу үчүн шашылыш чара көрүү чакырыгын кайталаган Камикава, бардык тиешелүү тараптардын эл аралык укуктун негизинде иш алып баруусу керектигин белгиледи.

Камикава аталган чакырыктын "гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз жеткирилишин камсыз кылуу үчүн чукул иш-аракеттерди, гуманитардык тыныгууну жана гуманитардык жардамды жеңилдетүү үчүн (жаңжалдарда) гуманитардык коридор түзүүнү" камтыганын билдирди.

Газадагы абалдын көз ирмем сайын өзгөрүп жатканын белгилеген япон министри, Чоң жетиликтин мүчөлөрү жана эл аралык уюмдар менен бекем байланышты, аймактагы гуманитардык абалды жакшыртуу үчүн дипломатиялык аракеттерди өжөрлүк менен уланта тургандарын билдирди.

Канада да Израилди Батыш Шериадагы жөөт “отурукташуучулардын” палестиналыктарга зордук-зомбулуктарын токтотуу үчүн дароо чара көрүүгө чакырды.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Батыш Шериадагы палестиналыктардын мажбурлап жер которуусуна байланыштуу олуттуу тынчсыздануулардын бар экени баса белгиленди.

Билдирүүдө: «Канада Израиль өкмөтүн отурукташуучулардын зомбулуктарын токтотууга жана Палестина элин коргоо үчүн тез арада чара көрүүгө чакырат» деген сөздөр камтылды.

АКШда Орегон штатынын демократ сенатору Жефф Меркли да Газада ок атышууну токтотууга чакырды.

Меркли жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «(Газада) жайкын тургундардын өлүмү кескин көбөйгөндүктөн көптөгөн америкалыктар, анын ичинде орегониялыктар бул кыргынды токтотууну талап кылышты. Мен да бул кипирге кошулам, ошондуктан ок атышууну токтотууга чакырам»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар