Газа тилкесинин түндүгүндөгү бардык ооруканалар иштебей калды

Кудра: «Израиль Индонезия ооруканасын аскердик казармага айландырууга аракеттенип, ал жерде согуштук кылмыштарды кылып жатат»

2067025
Газа тилкесинин түндүгүндөгү бардык ооруканалар иштебей калды

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги, Газа тилкесинин түндүгүндөгү бардык ооруканалардын иштебей калганын жана курчоого алынган Индонезия ооруканасындагыларды эвакуациялоо үчүн Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) менен координация ичинде экендиктерин билдирди.

Министрликтин басма сөз катчысы Ашраф ел-Кудра, 200ү медицина кызматкери, 400ү жаралуу жана коштоочусу, 2 миңи бул жерге баш калкалагандардан турган 2600 кишинин курчоодогу Индонезия ооруканасында экенин айтты.

Эвакуация үчүн БУУ менен координацияда экендиктерин белгилеген Кудра, кечээ ооруканадан көптөгөн кишинин качканын, бирок Израиль күчтөрү бул адамдарды түздөн-түз бутага алып өлтүргөнүн белгиледи.

Эл аралык Кызыл Чырым уюму менен кечээ түзүлгөн координациянын натыйжасында Индонезия ооруканасынан Газанын түштүгүнө 100дөн ашуун жараланган кишинин жеткирилгенин белгилеген Кудра: «Израиль Индонезия ооруканасын аскердик казармага айландырууга аракеттенип, ал жерде согуштук кылмыштарды жана диверсиялык иштерди жасап жатат»,- деди.

Кудра Газа тилкесинин түндүгүндөгү бардык ооруканалардын иштебей калганын, Израиль күчтөрүнүн бул аймактагы жалгыз диализ борбору болгон Нура ел-Каби медициналык борборун курчоого алганын кабарлады.

Газа шаарынын батышындагы Шифа ооруканасы тууралуу да сөз кылган Кудра, ооруканада дагы 259 жараланган кишинин, көптөгөн коштоочусунун, жер которгондордун жана медициналык кызматкерлердин бар экенин айтты.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун делегациясынын мурунку күндөрдө Шифа ооруканасына барганын жана ооруканада жаткандардын эвакуацияланышын координациялоого аракет кылганын белгилеген палестиналык жооптуу, Шифа ооруканасында жаткандардын эвакуацияланышына байланыштуу ушул убакка чейин жаңы жылыш болбогонун маалымдады.

Кудра Газанын түштүгүндөгү ооруканалардын болсо Шифа жана Индонезия ооруканаларындагы эвакуациялардан улам оор бейтап жүгүн көтөрө албаганын билдирди.



Тектеш кабарлар