Байден Палестинада эки мамлекеттүү чечимдин акыркы жооп экенин айтты
Байден АКШга расмий сапар менен барган Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Сан-Францискодо маалымат жыйынын өткөрдү.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден, Палестина маселесинде эки мамлекеттүү чечимдин «акыркы жооп» экени жөнүндөгү оюн Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга билдиргенин айтты.
Байден, АКШга расмий сапар менен барган Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Сан-Францискодо маалымат жыйынын өткөрдү.
Палестина маселесинде акыркы жооптун эки мамлекеттүү чечим экенин израилдиктерге, Нетаньяху жана кабинетине билдиргенин белгилеген Байден, Израилдин Газага кол салууларынын канчага созуларын билбегенин айтты.
Байден: «(Израилдин Газага кол салуулары) Качан токтойт? Менимче, Хамастын израилдиктерди өлтүрүүгө, куугунтуктоого жана аларга коркунучтуу нерселерди жасоого мүмкүнчүлүгү жок болгондо токтойт»,- деди.
АКШнын президенти, туткундар үчүн бардыгын жасай тургандарын бирок мунун АКШ аскерлерин аймакка жөнөтүү дегенди билдирбей турганын да кошумчалады.