Си Цзиньпин Азия-Тынч океан Экономикалык Кызматташтыгы боюнча сүйлөшүүлөр үчүн АКШга келди

Саммиттин алкагында бүгүн өткөрүлүшү пландалган Си Цзиньпиндин АКШнын президенти Жо Байден менен жолугушуусу басма сөз тарабынан жакындан байкалууда.

2064487
Си Цзиньпин  Азия-Тынч океан Экономикалык Кызматташтыгы боюнча сүйлөшүүлөр үчүн АКШга келди

Кытайдын Коммунисттик партиясынын лидери Си Цзиньпин Азия-Тынч океан Экономикалык Кызматташтыгынын Регионалдык форумунун президенттик саммитине катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Сан-Франциско шаарына барды.

Саммиттин алкагында бүгүн өткөрүлүшү пландалган Си Цзиньпиндин АКШнын президенти Жо Байден менен жолугушуусу басма сөз тарабынан жакындан байкалууда.

Эки супер державанын ортосундагы тирешүүлөр күчөп турган маалда өтө турган АКШ жана Кытай президенттеринин жолугушуусу эки лидердин акыркы жылдагы биринчи бетме-бет жолугушуусу болмокчу.

Дүйнөлүк экономиканын 60 пайызын түзгөн 21 өлкөнүн башын бириктирген форумдун алдында тараптардан жылуу билдирүүлөр келүүдө.

Жо Байден кечээ АКШ Кытайдан алыс кетүүгө аракет кылбай турганын, тескерисинче, жакшыраак мамилени каалап жатканын айтты.

Байдендин билдирүүсү өлкөнүн чыгышындагы баш калаа Вашингтондон батыштагы Сан-Франциского кетер алдында Ак үйдөн жасалган.

Кетээр алдында журналисттер менен болгон маалымат жыйынында Кытай лидери менен жолугушуунун максаты тууралуу суроого Байден: «Кадимки байланыш процессине кайтып келүү; кризис учурунда телефонду алып, бири-бири менен сүйлөшө алуу жана биздин аскерлер дагы эле бири-бири менен байланышта болушу үчүн»,-деп жооп берди.

Администрациянын жогорку даражалуу чиновниктеринин болжолдуу маалыматына караганда, эки лидер Сан-Францискодогу Вудсайд шаарчасындагы Филоли Эстейте тарыхый үй музейинде жолугушат.

Бир тараптан АКШнын расмий өкүлү Байден менен Си Аскердик деңиз кеңешме келишими деп аталган келишимдин алкагында сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо боюнча макулдашууну жарыялоосу күтүлүп жатканын ырастады.

Келишим АКШ менен Кытайдын деңиз флоттору менен аба күчтөрүнүн ортосундагы байланышты жакшыртуу аркылуу абадагы жана деңиздеги коопсуздукту жогорулатууга багытталган.

Көптөн бери татаалдашып келген АКШ-Кытай мамилелери өткөн жылы АКШ жогорку технологиялык продукцияга жаңы экспорттук көзөмөл чараларын киргизүүсү жана Кытайдын ага карата жооп иретине чараларды көрүшүнөн улам катуу кысымга кабылган.

Кошумчалай кетсек, февраль айында президент Жо Байдендин АКШнын аймагынын үстүнөн учуп бараткан кытайлык шпиондук шарды атып түшүрүү боюнча буйрук берүүсү жана Тайвандын лидери Цай Ин Вэндин жыл башында АКШга жасаган сапары эки өлкөнүн мамилесин курчуткан жагдайлардан айрымдары эле...



Тектеш кабарлар