Путин Египеттин президенти Сиси менен сүйлөштү

Кремлдин билдирүүсүнө караганда, Путин менен Сиси телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

2064483
Путин Египеттин президенти Сиси менен сүйлөштү

Орусиянын президенти Владимир Путин Египеттин президенти Абдел Фаттах ас-Сиси менен Газа тилкесиндеги абалды талкуулады.

Кремлдин билдирүүсүнө караганда, Путин менен Сиси телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Израиль-Палестина жаңжалы аймагындагы кырдаал каралган сүйлөшүүдө, эки тарап тең “миңдеген балдар жана аялдар менен бирге карапайым калктын болуп көрбөгөндөй курмандыктарына байланыштуу терең тынчсызданууларын” билдиришти.

Сүйлөшүүдө «кан төгүүнү тез арада токтотуу, барымтадагыларды бошотуу жана Газадагы карапайым калкка гуманитардык жардамдардын жеткирилиши керектиги, Орусия менен Египеттин да эл аралык укуктун негизинде Израиль менен тынчтыкта ​​жана коопсуздукта жашаган көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү аркылуу аймактагы кырдаалдын жөнгө салынышы темасында бирдей пикирде экендиктери баса белгиленди.

Путин орус жарандарынын Газа тилкесинен эвакуацияланышы процессинде Египеттин көрсөткөн колдоосунан улам Сисиге ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар