Гебреисус жана Гриффитс Изриалдин Газадагы Шифа ооруканасына рейд жүргүзүүсүн айыпташты

Гебреисус X социалдык медиа платформасында Израиль аскерлеринин Шифа ооруканасын басып алганы тууралуу билдирүү бөлүштү.Гриффитс да X социалдык медиа платформасында Израиль аскерлеринин Шифа ооруканасын басып алганы тууралуу билдирүү бөлүштү.

2064877
Гебреисус жана Гриффитс Изриалдин Газадагы Шифа ооруканасына рейд жүргүзүүсүн айыпташты

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус Газадагы Шифа ооруканасына аскердик кол салуу болгондугу тууралуу кабар абдан тынчсыздандырат деп билдирди.

Гебреисус X социалдык медиа платформасында Израиль аскерлеринин Шифа ооруканасын басып алганы тууралуу билдирүү бөлүштү.

«Шифа ооруканасына аскердик кол салуу тууралуу кабар абдан тынчсыздандырат. Биз медициналык кызматкерлердин жана бейтаптардын коопсуздугу үчүн тынчсызданып жатабыз»,-деп айткан Гебреисус оорукананын медициналык кызматкерлери менен байланыштары кайрадан үзүлгөнүн баса белгиледи.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары жана өзгөчө кырдаалдар боюнча координатору Мартин Гриффитс: «Шифа ооруканасына (Газадагы) аскердик рейд жасалганы тууралуу кабар менин үрөйүмдү учурду. Ооруканалар согуш талаасы эмес»,-деп айтты.

Гриффитс X социалдык медиа платформасында Израиль аскерлеринин Шифа ооруканасын басып алганы тууралуу билдирүү бөлүштү.

Гриффитс жаңы төрөлгөн ымыркайларды, бейтаптарды, медициналык персоналды жана бардык жарандарды коргоо башка бардык камкордуктардан жогору турушу керектигин баса белгилеп: «Шифа ооруканасына аскердик чабуул жасалганы тууралуу кабар мени үрөйүмдү учурду. Ооруканалар согуш талаасы эмес»,-деп каршылыгын көрсөттү.



Тектеш кабарлар