Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат

Израиль армиясы түнү бою Газа тилкесине катуу абадан сокку урду.

2064048
Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат

Израиль учактарынын, Газа тилкесинин түндүгүндөгү "Жебалия" качкындар лагерине карай абадан кол салуусунда кеминде 31 киши каза болду.

Израиль армиясынын, блокададагы Газа тилкесине 7-октябрдан берки кол салуулары 39-күнүндө да күчөп уланып жатат.

Израиль армиясы түнү бою Газа тилкесине катуу абадан сокку урду.

Израилдик учактар ​​"Жебалия" качкындар лагериндеги Жебалия спорт клубу жайгашкан аймакта 12 үйдү бомбалады.

Куткаруу топтору менен жарандар ушул учурга чейин кеминде 31 адамдын сөөгүн табышты. Кол салууда көптөгөн адамдар жарадар болду.

Кол салууларда каза тапкандар жана жаракат алгандар Индонезия ооруканасына жеткирилди.

Израилдин согуштук учактарынын Хан Юнустун чыгышындагы Эль-Ага жана Эбу Жамизе үй-бүлөлөрүнүн үйүнө жасаган кол салуусунда көбү балдар 10 киши каза болду. Кол салууда жаралангандардын да бар экени белгиленди.

Израилдик согуштук учактардын "Жебалия" качкындар лагериндеги Аль-Фахура мектебинин жанындагы Эс-Севарике үй-бүлөсүнүн үйүн бомбалоосунун натыйжасында 6 киши каза болуп, көп сандаган киши жараланды.

Палестиналык улуттук волейболчулар Хасан Зайтер менен Ибрахим Касиенин "Жебалия" качкындар лагеринин бомбалоосунда каза болгондугу билдирилди.

Бир тараптан Египет Газа тилкесиндеги "Рефах" чек ара капкасынын жабылбаганын бирок Израиль жардамдардын киришине тоскоол болгонун кабарлады.

Египеттин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ахмед Абу Зейд, "Рафах" чек ара капкасы жабык турат деген түшүнүктүн туура эмес экенин белгилеген маалымат жыйынында: «Газа тилкесиндеги кризистен бери Рефах чек ара капкасы жабылган жок, Рафах чек ара капкасы ачык»,-деди.

«Тыюу салынган шарттар жана негизсиз себептер менен Газа тилкесине жардамдардын киришине тоскоол болгон Израиль тарап»,-деген Абу Зейд, мунун тескерисин айткандарды айыптагандарын билдирди.

Хамастын куралдуу канаты Изз ад-Дин аль-Кассам бригадалары 7-октябрда «Израилдин палестиналыктарга жана алардын ыйык баалуулуктарына, өзгөчө Акса мечитине карай тынымсыз мыйзам бузууларына жооп кайтаруу» деген негиз менен кеңири чабуулду, Израил армиясы да Газа тилкесин абадан бомбалоону баштаган.

Израилдин Газага жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 11 миңден ашты.



Тектеш кабарлар